Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 6
Жыйындарды өткөрүү үчүн аймакты бөлүктөргө бөлүү жана катышуучулардын санын бекитүү жөнүндө
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын көрсөтүү үчүн калктын санына жараша жыйындар айыл-айылдарда өтүп, квотага ылайык катышуучулардын санын аныктоо төмөнкүдөй тартипте бекитилсин:
- Самаркандек айылынан ( калктын саны 4697) - 35 катышуучу;
– Орто-Сай калктуу массивинен ( ... 3274) - 25 катышуучу;
– Паскы-Арык айылынан (... 2535) - 19 катышуучу;
– Жаңы-Бак айылына (... 2817) - 21 катышуучу.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Орозовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б. Гапаров |