Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын I сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 7
Айылдарда жыйындарды өткөрүүнүн графигин жана жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө
“Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “ III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү коомдоштуктардын (жамаат) өкүлчүлүктүү жыйынынын катышуучуларын көрсөтүү жыйындары төмөнку тартиптеги графикте өткөрүлсүн:
- Жаңы-Бак айылынын коомдоштугунун жыйыны - 28-ноябрь 2024-ж.
- Орто-Сай турак жай конушунун коомдоштугу - 29-ноябрь 2023-ж.
- Паскы-Арык айылынын коомдоштугунун жыйыны - 28-ноябрь 2024-ж.
- Самаркандек айылынын коомдоштугунун жыйыны - 29-ноябрь 2024-ж.
2. Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүгө жооптуу болуп бекитилсин:
- Самаркандек айылы боюнча жооптуу депутаттар: Масейитова А., Исакова А., Ашырбаев А., Калбаев М., Дыйканов А.
- Орто-Сай турак жай конушу боюнча жооптуу депутаттар: Джусупов Х., Маматов А., Амираева С., Ташполотов М., Орозалиев И., Туллаева И.
- Паскы-Арык айылы боюнча жооптуу депутаттар: Газыбек у. А., Каримов А., Ишимова Д., Саматова М.
- Жаңы-Бак айылы боюнча жооптуу депутаттар: Гапаров Ш.(төрага), Эгемова Г., Асанова М., Пирматов М.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Орозовго милдеттендирилсин.
1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | Ш.Б. Гапаров |