Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/1
Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1-протоколун карап жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, Ормон-Хан айылдык Кенешинин 23-май 2023-жылдагы №2/1 Токтому менен бекитилген Ормон-Хан айылдык Кенешинин регламентин жетекчиликке алуу менен, Ормон-Хан айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1-протоколу бекитилсин.
2. Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №1-протоколуна ылайык Жолдошбеков Рыскелди Жолдошбекович Ормон-Хан айылдык Кенешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ормон-Хан айылдык Кенешине калтырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |