Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 08-майы №230
“Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин Убактылуу типтүү Жобосун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына жана Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-мартындагы №01-25/77 буйругунун негизинде бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Убактылуу типтүү Жобосун бекиттирүү жөнүндө Үч-Терек айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Уметалиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамына ылайык иштелип чыккан, Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин Убактылуу типтүү Жобосу бекитилсин. (Жобо тиркелет).
2. «Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. «Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңеши» мекемесинин аталышы мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
-мекеменин толук фирмалык аталышы :
Мамлекеттик тилде- «Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңеши » мекемеси;
Расмий тилде-Учреждение «Айылный кенеш Уч-Терекского айылного аймака»;
4. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жана областтык юстициядан мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага жүктөлсүн.
5. Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин(мындан ары мекеме) юридикалык дареги : Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Токтогул району,Үч-Терек айылы, А.Жээналиев көчөсү №32.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |
| Үч-Терек айылдык кеңешинин 2024-жылдын 08-майындагы кезектеги XXVIII сессиясынын № 230 Токтомуна тиркеме . |
“ Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңеши ” мекемесинин
ЖОБОСУ
1.Жалпы жоболор
1.Айылдык кеңештин ушул Убактылуу типтүү жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда айылдык кеңешти юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айылдык кеңештин ишин жөнгө салат.
2. Айылдык кеңеш өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган , пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик –аймактык реформа мезгилинде Үч-Терек айылдык кеңештин депутаттарынан турган, Үч-Терек айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүкүү органы болуп саналат.
3. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары , фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Айылдык кеңештин расмий аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;
- Расмий тилде: Учреждение “Уч-Терекский айылный кенеш Уч-Терекского айылного аймака”.
Айылдык кеңештин кыскартылган фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилинде: “Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси;
расмий тилде: У-е “Уч-Терекский айылный кенеш Уч-Терекского айылного аймака”
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Токтогул району, Үч-Терек айылы, А.Жээналиев көчөсү, №32
4. Айылдык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, ”Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2.Айылдык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Айылдык кеңештин ишинин негизи уюштуруучулук –укуктук формасы сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат.
7. Айылдык кеңештин компетенциясы , айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери , айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу , “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, ”Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана айылдык кеңештин регламенти менен жөнгө салынат.
Пилоттук режимде администрацияык –аймактык реформаларды жүргүзүү мезгилинде айылдык кеңештин кошумча компетенциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө Убактылуу Жободо аныкталган.
3.Айылдык кеңештин чечимдери
8. Айылдык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат.Ага айылдык кеңештин төрагасы , ал эми ал жок болгон учурда айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө ,ал эми ашка актылары –буйрук түрүндө кабыл алынат.Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Айылдык кеңештердин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин башка актылары , эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин айылдык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары , эгерде актылардын өздөрүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Айылдык кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4.Айылдык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик.
12. Айылдык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар уюмдар жана мекемелер, жарандар айылдык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Айылдык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
14. Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле аны жаңы редакцияда бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Корутунду жоболор
15. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен ишке ашырылат.
16. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлөт. Айылдык кеңештин документтери Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө мыйзамга ылайык сакталат.
“Үч-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин башчысы: |
А.Байсабаев. |