Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 08-майы №231
«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» наамы менен сыйлоого сунуш берүү жөнүндө ”
Үч-Терек жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы №12 ҮДТнын жетекчиси Жумалиева Инабат Демиевнаны «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» наамы менен сыйлоого сунуш берүү жөнүндөгү Үч-Терек ЖДПБнын профсоюз уюмунун 2024-жылдын 29-февралындагы жалпы чогулушунун токтомун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек Жалпы дарыгерлер практикалык борборундагы №12 ҮДТнын жетекчиси Жумалиева Инабат Демиевнаны «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы » наамы менен сыйлоого сунуш берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул сунушту бекитип берүү жана жогорку жактарга сунуштоо жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет .
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |