Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 1/3
III Элдик Курултайга Ормон-Хан айыл аймагынан делегаттарды
шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271Жарлыгын аткаруу максатында Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы «Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №271Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Ормон-Хан айыл аймагынын калкынын саны 31 497 болгондуктан, өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдүн жалпы саны 200 деп бекитилсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы 21 адамдан турсун жана №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөр Ормон-Хан айыл аймагындагы баардык айылдарынын калкынын санына жараша пропорционалдуу шайлансын (№2 тиркемеге ылайык).
5. Ормон-Ханайыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2024-жылдын 4-декабрынан 5-декабрына чейин белгиленсин (№3 тиркемеге ылайык).
6. Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын өткөрүү күнү 2024-жылдын 7-декабры деп белгиленсин ( №4 тиркемеге ылайык).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларына жана жумушчу топко өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрүн шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |
Ормон-Хан айылдык кеңешинин
1- сессиясынын 2024-жылдын
28-ноябрындагы № 1/3 токтомунун №1 тиркемеси
Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы
№ | А.А.А | Кызматы | Жумушчу тобунда ролу | Кайсы айылга жооптуу |
1 | Р.Жолдошбеков | Айылдык кенештин Төрагасы | Төрага | Баардык |
2 | Макулдашуу | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Жаны-Жол |
4 | Ж.Каратокоев | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Жаны-Жол |
5 | Б.Жолочиева | Аялдар кенешинин мүчөсү | Мүчө | Жаны-Жол |
6 | Макулдашуу | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Кара-Суу |
7 | Сьездбек уулу Жоомарт | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Кара-Суу |
8 | А.Талантбек кызы | Аялдар кенешинин мүчөсү | Мүчө | Кара-Суу |
9 | Макулдашуу | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Кара-Саз Кара-Күнгөй |
| Макулдашуу | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Кара-Күнгөй Кара-Саз |
10 | Омуракунов К | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Кара-Саз, Кара-Күнгөй |
11 | К.Култашов | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Кара-Саз, Кара-Күнгөй |
12 | Макулдашуу | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Кок-Жар |
13 | А.Дуйшеналиева | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Кок-Жар |
14 | Макулдашуу | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Семиз-Бел |
15 | Б.Чалбаев | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Семиз-Бел |
16 | Макулдашуу | Айылдык кенештин депутаты | Мүчө | Большевик |
17 | Умотаалы уулу Жолдошбек | Айыл өкмөтүнүн кызматкери | Мүчө | Большевик |
18 | Макулдашуу | Демилгечи топ | Мүчө | Макулдашуу |
19 | Макулдашуу | Демилгечи топ | Мүчө | Макулдашуу |
20 | Макулдашуу | Демилгечи топ | Мүчө | Макулдашуу |
21 | Макулдашуу | Демилгечи топ | Мүчө | Макулдашуу |
22 | Макулдашуу | Демилгечи топ | Мүчө | Макулдашуу |
23 | К.Асанов | Айылдык кенештин катчысы | Катчы | Баардык |
Катчы: К.Асанов
Ормон-Хан айылдык кеңешинин
1- сессиясынын 2024-жылдын
28-ноябрындагы № 1/3 токтомунун №2 тиркемеси
Ормон-Хан айыл аймагынын айылдары |
боюнча өкүлдөрдүн бөлүнүшү |
Айылдын аталышы | Айылдын калкынын саны | 1 квотага тийиштүү калктын саны | Берилүүчү квотанын саны |
Кочкор | 10739 | 157 | 68 |
Тендик | 4643 | 157 | 30 |
Большевик | 1923 | 157 | 12 |
Кара-Саз | 1647 | 157 | 10 |
Кара-Күнгөй | 1881 | 157 | 11 |
Кара-Суу | 3201 | 157 | 20 |
Жаны-Жол | 3113 | 157 | 20 |
Семиз-Бел | 1327 | 157 | 8 |
Көк-Жар | 3023 | 157 | 19 |
жалпысы | 31497 |
| 200 |
Катчы: К.Асанов
Ормон-Хан айылдык кеңешинин
1- сессиясынын 2024-жылдын
28-ноябрындагы № 1/3 токтомунун
№3 тиркемеси
Ормон-Хан айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча өткөрүлүүчү чогулуштардын
ГРАФИГИ
№ | Айылдар | Убактысы | Өтүлүүчү жери | Жооптуулар
| |
күнү | сааты | ||||
1 | Теңдик айылы | 4-декабрь | 10-00
| 1-квартал Теңдик канторасы | Садыков А 558188177 К.Байзаков 0708773435 Р.Исабаев |
2 | Теңдик айылы | 4-декабрь | 12-00
| 2-квартал Мал базар | Уркунчиев Самат 0500898999 К.Байзаков 0708773435
Р.Исабаев |
3 | Теңдик айылы | 4-декабрь | 14-00 | 3-квартал К. Бай уулу мектеби | Н.Сакыева 0707414589 К.Байзаков0708773435
Р.Исабаев |
4 | Теңдик айылы | 4-декабрь | 16-00 | 4-квартал Бейшеев көчөсү | Б.Кайырова 0708841203 К.Байзаков Р.Исабаев |
5 | Большевик айылы | 4-декабрь | 10-00
| Айылдык клубу | Ж.Үмөтаалы уулу |
6 | Большевик айылы | 4-декабрь | 12-00
| С.Исмаилов мектебинин жанында | Ж.Үмөтаалы уулу |
7 | Кочкор айылы | 4-декабрь | 10-00
| 1-квартал (Ү.Бейшеев көчөсү) | Э.Тойтоев 0706151517 С.Дүйшенбиев 0701899992 |
8 | Кочкор айылы | 4-декабрь | 12-00
| 2-квартал (И.Арабаев мектебинин жанында) | С.Орозакунова 0707450432 Ж.Мамадилов 0707778850 |
9 | Кочкор айылы | 4-декабрь | 14-00 | 3-квартал (Өмүров көчөсү) | Илиязова Г 0702504456 С.Өмүрова 0705670831 |
10 | Кочкор айылы | 4-декабрь | 16-00 | 4-квартал (К.Кыдыралиев мектебинин жанында) | М.Балбаева 0701171763 Н.Узбекова 0707513907
|
11 | Кочкор айылы | 5-декабрь | 10-00
| 5-квартал (Н.Жүндүбаева мектебинин жаны) | Жакып уулу Бактыбек К.Таалайбек кызы 0705701372 |
12 | Кочкор айылы | 5-декабрь | 12-00
| 6-квартал (Барчын-Уя бала бакчасынын жанында) | К.Астраханов 0709020987 А.Асанакун уулу 0502041421 |
13 | Кочкор айылы | 5-декабрь | 14-00 | 7-квартал (Алиев-Айтбаев көчөлөрү) | Р.Алиев 0700722810
Г.Турумбекова 0705005159 |
14 | Кочкор айылы | 5-декабрь | 16-00 | 8-квартал (Жеңиштин 40 жылдыгы көчөсү)
| Э.Шабданалиев 0705930707
Н.Жаныбек уулу 0702777799 |
15 | Жаны-Жол айылы | 4-декабрь | 10-00
| Т.Темирова аом имараты | Ж.Каратокоев |
16 | Кара-Суу айылы | 4-декабрь | 12-00
| Кара-Суу айыл башчысынын канторунун имараты | Ж.Сьездбек уулу |
17 | Кара-Саз айылы | 4-декабрь | 10-00
| Кара-Саз айыл башчысынын канторунун имараты | К.Омуракунов |
18 | Кара-Күнгөй айылы | 4-декабрь | 12-00
| Айылдык маданият үйүнүн имараты | К.Омуракунов |
19 | Семиз-Бел айылы | 4-декабрь | 10-00
| Семиз-Бел айыл башчысынын канторунун имараты | Б.Чалбаев |
20 | Көк-Жар айылы | 4-декабрь | 12-00
| Көк-Жар айыл башчысынын канторунун имараты | А.Дүйшөналиева |
Жооптуу катчы К.Асанов
Ормон-Хан айылдык кеңешинин
1- сессиясынын 2024-жылдын
28-ноябрындагы № 1/3 токтомунун №4 тиркемеси
Ормон-Хан айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйындын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуучулар |
1 | Кочкор айылы | Чолпон кинотеатры | 2024-жылдын 7-декабры саат 11-00 | Айылдык Кеңеш, Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Катчы: К.Асанов