Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 2/1
Ормон-Хан айылдык Кеңешинин регламентине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ормон-Хан айылдык Кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу депутаттардын сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Ормон-Хан айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Ормон-Хан айылдык Кеңешинин Регламентине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-Айылдык Кеңешинин Регламентинде баардык жерде “Кочкор айылдык Кеңеши” деген сөздөр “Ормон-Хан айылдык Кеңеши” деген сөздөргө алмаштырылсын
-“1.1 коомдоштук тарабынан 4 жылдык мөөнөткө» -деген сөздөр “1.1 коомдоштук тарабынан 5 жылдык мөөнөткө» деген сөздөргө алмаштырылсын
-“33.2. Ормон-Хан айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 71 депутат деген сөздөр “33.2. Ормон-Хан айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 31 депутат” деген сөздөргө алмаштырылсын
2. Ормон-Хан айылдык Кеңешинин регламентин талаптарын сактоо жана аткарууга алуу жагы айылдык кенешинин депутаттарына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенештин төрагасы Р.Жолдошбековго жүктөлсүн.
Төрага | Р. Жолдошбеков |