Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 2/4
Ормон-Хан айыл аймагындагы ирригация системасын жана Семиз-Бел айылындагы Сары-Чат БСРди муниципалдык менчикке кабыл жөнүндө
Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн Ормон-Хан айыл аймагындагы баардык айылдардагы ички чарбалык каналдарды, темир-бетон каналдарды, лотокторду, суу курулмаларын, Семиз-Бел айылындагы Сары-Чат БСРди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн сунушун, маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Ормон-Хан айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн Ормон-Хан айыл аймагындагы баардык айылдардагы ички чарбалык каналдарды, темир-бетон каналдарды, лотокторду, суу курулмаларын, Семиз-Бел айылындагы Сары-Чат БСРди муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |