Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 2/6
Жаны-Жол айылындагы мал базарды “Тогуз-Булак мал базары» деп атоо жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын Жаны-Жол айылынын Тогуз-Булак участкасына жаны курулуп жаткан мал базарды «Тогуз-Булак мал базары» деп атоо туралуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн сунушун, маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Ормон-Хан айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын Жаны-Жол айылындагы жаны курулуп жаткан мал базарды «Тогуз-Булак мал базары» деп атоого макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |