Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 2/7
Кочкор айылынын автобекетин муниципалдык менчикке
кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
«Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын балансында турган Кочкор айылынын автобекетин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү туралуу Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн сунушун, маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Ормон-Хан айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. «Кыргыз автобекети» мамлекеттик ишканасынын балансында турган Кочкор айылынын автобекетин мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |