Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 2/8
Таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын ичүүчү таза суунун тарифин 2025-жылга бекитүү туралуу Кочкор МИ жетекчиси А.Аситовдун сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.“Кочкор”муниципалдык ишкананын прейскуранты 1 метр куб сууга 11,85 сом менен бекитилсин.
2.Токтомду аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы «Кочкор» МИ жетекчиси А.Аситовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |