Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 17-декабры № 2/9
Энергетиктердин күнү кесиптик майрамына карата Ормон-Хан айылдык кенешинин Мыкты Энергетик наамын ыйгаруу жөнүндө
Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын Энергетиктердин күнү кесиптик майрамына карата Ормон-Хан айылдык кенешинин Мыкты Энергетик наам менен сыйлоо туралуу сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Энергетиктердин күнү кесиптик майрамына карата Кочкор райондук электр тармактар ишканасынын ишиндеги жетишкендиги үчүн Гүлбашов Курманбек, Акыл Асакеев, Рахман уулу Дыйкан, Бейшенаалы уулу Бексултан Ормон-Хан айылдык кенешинин Мыкты Энергетик наамы ыйгарылсын.
2. Тиешелүү төш белгилерди жана күбөлүктөрдү жазатууну жана тапшырууну көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын
Төрага | Р. Жолдошбеков |