Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясынын
2024-жылдын 08-майы №235
«№32 Бекназар орто мектебинин алдындагы жашыл бакчага маркум Жапаров Ыдындын атын берүү жөнүндө.”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ураан айылындагы №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин алдындагы жашыл бакчага, «Эл агартуунун отличниги» , маркум Жапаров Ыдындын атын берүү жөнүндөгү , Бекназар орто мектебинин эмгек жамаатынын 2024-жылдын 02-апрелиндеги жалпы чогулушунун №4/2 токтомун негиздеп, Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. №32 Бекназар атындагы орто мектебинин алдындагы жашыл бакчага «Эл агартуунун отличниги», маркум Жапаров Ыдындын атын коюуга макулдук берилсин.
2. Бакчаны карап тазалыгын колго алуу, айланасын тосуу жана башка керектүү жумуштарды жасоо жагы маркум, Жапаров Ыдындын баласы, Жапаров Абдыкерим Ыдыновичке милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |