Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №238
“Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндө.”
Үч-Терек айыл өкмөт башчысы А. Байсабаевдин 2024-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча отчету жакшы деп табылсын.
2. Жетиген айылындагы жаңы курулган машыгуу залына электр чубалгысын тарттырып берүү иштерин колго алуу Жетиген айыл башчысы А.Кошоевге, Б.Салаев атындагы орто мектептин спорт залынын имаратын баланска алуу боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана ишке ашыруу жагы ФЭБ башчы К.Көкөевге, көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевге тапшырылсын.
3. Жергиликтүү бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүнүн, салыктын түрлөрүнө талдоо жүргүзүп, кошумча булактарды табуу үчүн салык базаларын кеңейтүүнүн үстүндө иш жүргүзүү жагы ФЭБ башчысы К.Көкөевге улук салык кызматкеринин убактылуу милдетин аткаруучу А.Калманбетовго тапшырылсын.
4. Үч-Терек айылындагы Карды-Жарык каналын тосуп алган Убайдылда көчөсүнүн тургундарынын тосмолорун алдыруу боюнча чараларды көрүү жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары-жоопту катчы З.Кигаровага жана Үч-Терек айылынын айыл башчысы М.Көкүловго милдеттендирилсин.
5. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн калкын медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу максатында, Үч-Терек айылындагы ооруканага врач тартып келүү иштерин жүргүзүү жагы Үч-Терек ЖДПБ башчысы М.Орозовко жана айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |