Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №239
“Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн жана айыл чарба жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн акча каражатына кошумча план алууга макулдук берүү жөнүндө.”
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын тамак-ашы үчүн 2024-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейинки тамак-ашы үчүн, киреше салыгынан кошумча 320,0миң сом бюджеттик эсепке, ата –энелердин төлөмүнөн атайын каражатка 1640,0 миң сом жалпы 2296,0миң сомго жана Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлерин аукциондун негизинде ижарага берүүдөн түшкөн 538800 сом акча каражатына план алууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат :
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчаларынын 2024-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейинки тамак-ашы үчүн киреше салыгынан кошумча 320,0 миң сом бюджеттик эсепке, ата –энелердин төлөмүнөн 1640,0 миң сом атайын каражатка жалпы 2296,0миң сомго жана Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба жерлерин аукциондун негизинде ижарага берүүдөн түшкөн 538800 сом акча каражатына Токтогул райондук каржы башкармалыгынан кошумча план алууга макулдук берилсин.
2.“Балдар бакчаларынын тамак-ашына каралган 320,0миң сом бюджеттик эсепке, ата –энелердин төлөмүнөн түшүүчү 1640,0 миң сом атайын каражатка, жалпы 1960,0миң сомду Балдар бакчасы бөлүмүнүн 2218 статьясына отургузуу жагы Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Айыл чарба жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн 538800 сом акча каражатынын ичинен, 188800сомду “Аппарат” бөлүмүнүн 2215 статьясына, 350000сомду “Балдар бакчасы”бөлүмүнүн 2222 статьясына отургузуу жагы Токтогул райондук каржы башкарма-лыгынан суралсын.
4. Аталган пункттар боюнча иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |