Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №240
“«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо жөнүндө”
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 7-бөлүгүнө ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин 2024-жылдын 22-июлундагы чыгыш №154 сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин 2024-жылдын 22-июлундагы чыгыш №154 сунушу эске алынсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларында шайлоо комиссияларынын резервдеринин курамы бекитилсин.
3. Бекитилген курамдын тизмесин Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы З.Кигаровага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү ,саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт, маданий жана социалдык маселелер, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Арстанбек уулу Чыңгызханга тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |