Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-декабры № 753
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Үрөнчүлүк чарбалардын, мамлекеттик сорт сыноо станцияларынын жана мамлекеттик сорт сыноо участокторунун ролун күчөтүү жана аларга карата талаптарды жогорулатуу максатында, "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 288 "Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбалары жөнүндө жободо:
- 4-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн келип түшкөн арызды жана документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия милдеттүү түрдө жерине баруу менен үрөнчүлүк чөйрөсүндө үрөнчүлүк чарба статусун алууга талапкердин ишинин натыйжалары жөнүндө корутундуну даярдайт.";
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Ушул жобонун 2-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук топтому берилген жана ушул Жобонун 12, 13, 15-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген учурда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн комиссия тарабынан түзүлгөн оң корутундуну тиркөө менен үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу жөнүндө тиешелүү өтүнүч катты жөнөтөт.
Келип түшкөн өтүнүч каттарды кароо үчүн айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу боюнча комиссия түзүлөт.
Комиссиянын курамына үрөнчүлүк маселелерин тейлеген министрдин орун басары, тармактык түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана алардын карантини, айыл чарбасын механизациялоо боюнча ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилери, илимий-изилдөө институттарынын окумуштуулары, Кыргызстандын үрөнчүлөр ассоциациясынын өкүлү кирет.
Комиссия өтүнүч кат келип түшкөн жана расмий катталган учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде аны карайт жана үрөнчүлүк чарба статусун ыйгаруу же статусту ыйгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Комиссия тарабынан оң чечим кабыл алынган учурда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үрөнчүлүк чарбалардын бекитилген тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечиминин долбоорун даярдайт жана белгиленген тартипте киргизет.";
- 7-пункт "13" деген цифралардан мурда "12," деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Комиссия жыл сайын төртүнчү кварталда жерине баруу менен статуска ээ үрөнчүлүк чарбалардын ишине мониторинг жүргүзөт. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча комиссия айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үрөнчүлүк чарбалардын ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүсү жана ылайык келбөөсү жөнүндө сунуштарды киргизүү менен корутундуну киргизет.";
- 15-пунктта:
расмий тилдеги тексттин 7-пунктчасында "в разрезе каждой" деген сөздөр "по каждой" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) жыл сайын 1 га кем эмес аянтта айылдык товар өндүрүүчүлөрдү тааныштыруу жана өндүрүшкө киргизүүнү тездетүү максатында жогорку маржиналдуу өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун (айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тизме боюнча) демонстрациялык айдоолорду уюштурууга.";
-17, 18, 19-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20. Ушул Жобонун 8-1-пунктунда көрсөтүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча үрөнчүлүк чарбалардын алардын статусуна ылайык келбегендиги аныкталган учурда айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна статусунан ажыратуу жана үрөнчүлүк чарбалардын бекитилген тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдин тиешелүү долбоорун киргизет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |