Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №242
“Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген Жобого ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 жана 2022-жылдын 09-сентябрындагы №494 токтомдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругу менен бекитилген, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарбасынын экономикалык жактан артыкчылыктуу субъекттерине берүүнүн тартиби” жөнүндө Жобого ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акылары төмөндөгүдөй бекитилсин:
2.Үч-Терек жана Саргата айылдарындагы 1га сугат жер-5400 сом өлчөмүндө, Кызыл-Ураан , Жетиген жана Такталык айылдарындагы 1га сугат жер 3600 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |