Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №243
“Үч-Терек айылынын Кормоцех участкасындагы, №121 контурундагы айыл чарба категориясындагы 0,50га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Үч-Терек айылынын Кормоцех участкасынын №121 контурундагы 0,50га айыл чарба категориясындагы жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүп, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылынын Кормоцех участкасынын №121 контурундагы айыл чарба категориясындагы 0,50 га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүп, өнөр
жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |