КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 12-декабры ПЖ № 355
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргызстан элинин ассамблеясынын өлкөдөгү этностор аралык ынтымакты, туруктуулукту жана социалдык биримдикти камсыз кылуудагы маанисин эске алып, өлкө элинин биримдигин чыңдоодогу, "Кыргыз жараны" катары жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүдөгү анын ролун андан ары жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 21, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган катары Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңеши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 31-майындагы № 138 "Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин ролун жана статусун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-декабрындагы № 97 (3652) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |