Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №245
“үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга карата болжолдуу киреше бөлүгүн түзүү үчүн, жалпы мамлекеттик кирешелердин суммаларынын болжолун жана чегерүүлөрдүн болжолдонгон ченемдерин бекитип берүү жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кокоевдин үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга карата болжолдуу киреше бөлүгүн түзүү үчүн, жалпы мамлекеттик кирешелердин суммаларынын болжолун жана чегерүүлөрдүн болжолдонгон ченемдерин бекитип берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга жана 2026-2027-жылдарга карата болжолдуу киреше бөлүгүн түзүү үчүн, жалпы мамлекеттик кирешелердин суммаларынын болжолун жана чегерүүлөрдүн болжолдонгон ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылып, аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысы А.Байсабаевке жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин .
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |