Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №246
““Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 31-майындагы №78 “Үч-Терек айыл аймагынын Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жобосун бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиясынын 2024-жылдын 15-июлундагы №2 протоколунун негизинде, “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 16 тургунун сыйлоо жөнүндө комиссиянын төрагасы К.Көкөевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү коомчулугунун сыйлыктары боюнча комиссиясынын төрагасы К.Көкөевдин сунушу эске алынсын.
2. 31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнүн урматына карата “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы төмөнкү жарандарга ыйгарылсын:
- Көлөпова Шааркан –Кызыл –Ураан айылынын тургуну,ардагер ;
- Саржанов Абсейит - Кызыл -Ураан айылынын тургуну, ардагер;
- Сатыбаев Жекше -Кызыл-Ураан айылынын тургуну, ардагер;
- Үтүров Апсатар-Кызыл-Ураан айылынын тургуну, Бекназар орто мектебинин директору;
-Уметова Зууракан-Жетиген айылынын тургуну, ардагер;
-Эгембердиев Талант-Жетиген айылынын тургуну, Б.Салаев орто мектебинин мугалими;
-Мырзакулов Алтымыш - Саргата айылынын тургуну, Нарын ГЭС-2 ААКнун генералдык директору;
- Жаманкулов Сыдыгаалы- Саргата айылынын тургуну, ардагер;
- Маденова Райлакан- Саргата айылынын тургуну, ардагер;
- Бөжүбаев Чыңгыз Кызыл-Ураан айылынын тургуну,жеке ишкер ;
- Токтосун уулу Каныбек –Жалал –Абад облусттук сотунун төрагасы;
- Тотбаева Разакан-Үч-Терек айылынын тургуну, ардагер;
- Калыгулова Уулкан-Үч-Терек айылынын тургуну, ардагер;
- Абдылдабеков Абакираалы-Токтогул шаарынын тургуну,ардагер;
- Зулушев Рыскул- “Кайнама ГЭС” ААКтын генералдык директору;
- Назаралиев Советбек-“Кайнама ГЭС” ААКтын аткаруучу директору;
3. “Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” белгилерин, күбөлүктөрүн жана төш белгилерин даярдатып, наамга татыктуу болгон атуулдарга салтанаттуу тапшыруу үчүн 3(үч ) айлык мөөнөттө даярдоону камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |