Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №247
““Үч-Терек суу чарба бөлүмчөсүнүн 2024-жылдын 6 айында аткарган жумуштары жана кеңсе курдуруу үчүн жер аянтын чечүү жөнүндө”
Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынын Үч-Терек бөлүмчөсүнүн жетекчиси Н.Койлюбаевдин 2024-жылдын 6 айында аткарган жумуштары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Токтогул суу чарба башкармалыгынын Үч-Терек бөлүмчөсүнүн жетекчиси Н.Койлюбаевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айылында суу чарба кызматкерлери үчүн атайын кеңсе куруу үчүн жер аянтын караштырып берүү жагы жер адис М.Келгенбаевке тапшырылсын.
3. Бөлүнүп берилген жер аянтына мекеменин имаратын курдуруп берүү маселесин чечүү жагы Токтогул райондук суу чарба башкармалыгынан суралсын.
4. Үч-Терек Суу чарба бөлүмчөсүнүн жетекчиси Н.Койлюбаевге кеңсенин курулушу үчүн тиешелүү иш –аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
6. Бул токтом официалдуу жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |