Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №249
““Үч-Терек, Кызыл-Ураан жана Жетиген айылдарындагы муниципалдык менчикте турган жалпы 418 чарчы метр жер аянттарын, аукционго коюп сатууга макулдук берүү жөнүндө.”
Үч-Терек , Кызыл-Ураан жана Жетиген айылдарындагы жалпы 418 чарчы метр муниципалдык менчикте турган жер аянттарын аукционго коюп сатууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттар жөнүндө типтүү Жобону” негиздеп, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек , Кызыл-Ураан жана Жетиген айылдарындагы жалпы 418 чарчы метр муниципалдык менчикте турган жер аянттарын ачык аукционго коюп сатууга макулдук берилсин.
2. Аукционду ачык- айкын мыйзам чегинде өткөрүүнү уюштуруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |