Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №250
“Үч-Терек айылынын Ак-Бейит участкасынын №53 контурундагы айыл чарба категориясындагы 30,0га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө.”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылынын Ак-Бейит участкасындагы №53 контурундагы айыл чарба категориясындагы 30,0 га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 10-11 беренелерине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылынын Ак-Бейит участкасынын №53 контурундагы айыл чарба категориясындагы 30,0га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Мыйзам чегинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин .
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |