Редакцияот 30.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын

2024-жылдын 30-июлу  №251

 

“Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балансындагы айылдык ФАПтарды Үч-Терек ЖДПБнын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.”

          Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балансында турган, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарындагы айылдык Фельдшердик-акушердик пункттарды Үч-Терек Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү 2024-жылдын 25-июлундагы №157 билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 10чу жана 11-беренелерине ылайык, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:   

        1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн балансында турган Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген жана Такталык айылдарындагы айылдык Фельдшердик-акушердик пункттарды Үч-Терек ЖДПБнын балансына акысыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

        2. Аталган айылдык Фельдшердик-акушердик пункттарды Үч-Терек ЖДПБнын балансына акысыз өткөрүп берүү боюнча мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевке жана ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.

        3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке тапшырылсын.

        4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин официалдуу сайтка жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

          5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А.Дөөлөткелдиев.