Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №252
“Саргата айылынын Осмон-Ата участкасындагы муниципалдык менчиктеги 0,10га жер аянтына мечит куруу үчүн жер аянтын карап берүү жөнүндө.”
Саргата айылына караштуу Осмон-Ата участкасынын жашоочуларынын кайрылуусунун негизинде, Осмон-Ата участкасындагы башкы планда турган муниципалдык менчиктеги 0,10га жер аянтына мечит куруу үчүн макулдук берүү жөнүндө Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат :
1. Саргата айылынын Осмон-Ата участкасындагы, муниципалдык менчикке тиешелүү, башкы планда турган 0,10 га жер аянтын мечит куруу үчүн бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн жер аянтынын тиешелүү документацияларын бүткөрүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |