Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №253
“Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 06-декабрындагы №116
“Кызыл-Ураан айылынын Кара -Кечүү көпүрөсүнүн күн чыгыш
тарабынан , Калманбетов Эсентурга ун чыгаруучу тегирмен куруу
үчүн 0,05га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук
берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө”
Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 06-декабрындагы №116 “Кызыл-Ураан айылынын Кара -Кечүү көпүрөсүнүн күн чыгыш тарабынан, Калманбетов Эсентурга ун чыгаруучу тегирмен куруу үчүн 0,05га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүү жөнүндөгү жер адис М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат :
1.Үч-Терек айылдык кеңешинин 2022-жылдын 06-декабрындагы №116 “Кызыл-Ураан айылынын Кара-Кечүү көпүрөсүнүн күн чыгыш тарабынан, Калманбетов Эсентурга ун чыгаруучу тегирмен куруу үчүн 0,05га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
«Кызыл-Ураан айылынын тургуну Калманбетов Эсентурга Кара-Кечүү көпүрөсүнүн күн чыгыш тарабынан, ун чыгаруучу тегирмен куруу үчүн №2184 контурдагы 0,05га жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин» деген сөздөр, “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылынын Кара–Кечүү участкасынан, №2184 контурдагы жайыт жерден 0,05га жер аянтын өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өткөрүп, багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин официалдуу сайтка жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |