Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №254
“Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин техникаларын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен, видео камера сатып алууга макулдук берүү жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы кылмыштуулукту азайтуу жана жасалган кылмыштардын бетин ачуу үчүн, Үч-Терек -Өзгөрүш авто жолуна видео камера орнотуп берүү жөнүндөгү Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн 2024-жылдын 25-июлундагы № 27 сунушунун негизинде, кылмыштуулукка бөгөт коюу иштерине колдоо көрсөтүү жана “Үч-Терек таза суу” муниципалдык ишканасынын директору К.Жаманкуловдун билдирүүсүнүн негизинде, мекеменин бюджетин үнөмдөө үчүн кароолдордун санын кыскартып, суу кампаларга жана тийиштүү объектилерге(административдик имарат, насостук станция, суу башат-тары) видео көзөмөл жүргүзүү максатында, жайыт комитетинин техникаларын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын эсебинен жалпы 150000(бир жүз элүү миң) сом акча каражатына, видео камера сатып алууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат :
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетинин техникаларын ижарага берүүдөн түшкөн акча каражатынын эсебинен, Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы кылмыштуулукту азайтуу жана жасалган кылмыштардын бетин ачуу, кылмыштуулукка бөгөт коюу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн 100000(бир жүз миң)сомго жана “Үч-Терек таза суу” муниципалдык ишканасынын бюджетин үнөмдөө үчүн кароолдордун санын кыскартып, суу кампаларга административдик имарат, насостук станция, суу башаттары) видео көзөмөл жүргүзүү максатында 50000(элүү миң)сомго видео камера сатып алууга макулдук берилсин.
2.Бөлүнгөн акча каражатын камсыз кылуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жайыт адиси К.Сыргабаевке, видео камераны сатып алуу, орноттуруу жагы Саргата айылынын айыл башчысы Т.Сыдыковго жана “Үч-Терек таза суу” муниципалдык ишканасынын директору К.Жаманкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |