Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №255
“Кызыл –Ураан айылынын Боз-Тектир участкасынын №2654
контурундагы, айыл чарба категориясындагы 50,0га жайыт
жер аянтынын багытын бак тигип жашылдандыруу үчүн
багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.”
Кызыл–Ураан айылынын Боз-Тектир участкасынын баш жагындагы суу кампанын түндүк тарабынан, №2654 контурундагы айыл чарба категориясындагы 50,0га жайыт жер аянтына бак тигип жашылдандыруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 «Жер участокторун которуу жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл–Ураан айылынын Боз-Тектир участкасынын баш жагындагы суу кампанын түндүк тарабынан, №2654 контурундагы айыл чарба категориясындагы 50,0га жайыт жер аянтына бак тигип жашылдандыруу үчүн багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом официалдуу сайтка жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |