Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №256
“Үч-Терек айылынын Кум-Ой участкасындагы сел алган мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акыларын кыскартуу жөнүндө.”
Үч-Терек айылынын Кум-Ой участкасындагы “Кайра бөлүштүрүү фондунун” жерлерин, айыл өкмөтүнөн 2024-жылга ачык аукциондун негизинде ижарага алган жарандардын эгиндерин сел алып кеткендиктен, тарткан чыгымдарын жана жоготууларын эске алып, 2024-жылга карата 50пайыз өлчөмүндө ижара акысынан бошотуу жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2024-жылдын 01-июлунда жазылган актысын негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондунун жерлеринин аукциондун негизинде ижарага алган ижарачылар, 2024-жылга карата ижара акыларынан 50пайыз өлчөмүндө тиркемеге ылайык бошотулсун.
2. Аталган пункттар боюнча иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге жана салык кызматкери А.Калманбетовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |
|
Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2024-жылдын 30-июлундагы кезектеги XXIX сессия- сынын №256 токтомуна тиркеме |
2024-жылдын 01-июлунда катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин сел эгинин жууп кеткен, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Үч-Терек айылынын Кум-Ой участкасындагы мамлекеттик фонддун жерлерин, ачык аукцион аркылуу ижарага иштеткен жарандардын
ТИЗМЕСИ:
к/№ | Аты-жөнү | Жердин аянты
|
1 | Романова Нурбү | 0,32га |
2 | Үтүрова Бүзүпара | 0,32га |
3 | Бообеков Ажыбек | 0,32га |
4 | Рахманалы кызы Уулкан | 0,32га |
5 | Ызаков Калыбек | 0,32га |
6 | Карабекова Кайыркан | 0,33га |
7 | Көчөров Муратбек | 0,34га |
8 | Кыдырбаев Мырзабат | 0,33га |
9 | Бешкемпиров Жуматай | 0,57га |
10 | Култеков Касымбек | 0,36га |
11 | Култаев Такен | 0,36га |
12 | Калыкеев Мунарбек | 0,40га |
13 | Эгембердиев Азамат | 0,36га |
14 | Токтоналиев Алтынбек | 0,36га |
15 | Самиднов Эрик | 0,36га |
|
Жалпы |
5, 37 га
|
Айыл өкмөт башчысы: А. Байсабаев
Жер адис : М. Келгенбаев
Салык кызматкери: А.Калманбетов