Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №257
“Республикалык бюджеттен айыл чарбасына багытталган жер салыгы үчүн компенсация катары түшкөн акча каражатына кошумча план алууга макулдук берүү жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен айыл чарбасына багытталган жер салыгы үчүн компенсация катары түшкөн 205миң сом акча каражатына кошумча план алууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат :
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Республикалык бюджеттен айыл чарбасына багытталган жер салыгы үчүн компенсация катары түшкөн 205миң сом акча каражатына Токтогул райондук каржы башкармалыгынан кошумча план алууга макулдук берилсин.
2. Аппараттын 2824 статьясына(резервдик фондусуна) 45миң сом, 2231 статьясына (электр энергиясына) 90миң сом, 2221статьясына (кезектеги ремонт иштери) 70миң сом акча каражатын отургузуу жагы Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган пункттар боюнча иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |