Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №258
“Камбар –Ата-2 ГЭСинен айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы үчүн түшө турган акча каражатына кошумча план алууга макулдук берүү жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине Камбар–Ата-2 ГЭСинен айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы үчүн түшө турган 2млн.200миң сом акча каражатына кошумча план алууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине, Камбар –Ата ГЭСинен айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы үчүн түшө турган 2млн. 200миң сом акча каражатына Токтогул райондук каржы башкармалыгынан кошумча план алууга макулдук берилсин.
2. Аппараттын 2215-беренесине 250,0(эки жүз элүү миң сом), 2221-беренесине 200,0(эки жүз миң) сом, 3112-беренесине 450,0(төрт жүз элүү миң) сом , 2222-беренесине 200,0 (эки жүз миң) сом, 2721-беренесине 300,0(үч жүз миң) сом, Орто мектептер бөлүмүнүн 2224-беренесине 800,0 (сегиз жүз миң) сом жалпы 2200,0(эки миллион эки жүз миң) сом акча каражатына кошумча план берүү жана аталган бөлүмдөрдүн беренелерине отургузуу жагы Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган пункттар боюнча иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |