Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №259
“Аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине каралган акча каражатын 2222 беренесине жылдырууга макулдук берүү жөнүндө”
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин ичинен Аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине бекитилген 186,0 сомду , Аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесине жылдырууга макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин ичинен жыл башында Аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине бекитилген 186,0 сом акча каражатын, Аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесине жылдыртууга макулдук берилсин.
2. Аппарат бөлүмүнүн 3111 беренесине бекитилген 186,0 сом акча каражатын Аппарат бөлүмүнүн 2222 беренесине которуу жана көрсөтүлгөн беренеге отургузуу жагы Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган пункттар боюнча иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |