Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясынын
2024-жылдын 30-июлу №260
“Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдардагы орто мөөнөттүү социалдык -экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууда инвестицияларды тартуу үчүн өздүк салымын бекитүү жөнүндө”
2025-жылга карата Республикалык дем берүүчү (үлүштүк)грантка сунуш кылына турган “Жетиген айылындагы № 21 ”Баластан” балдар бакчасынын алдына күндөн коргоочу навес жана балдар ойноочу аянтча куруу ” долбооруна 176098(бир жүз жетимиш алты миң токсон сегиз )сом акча каражатын жана “Үч-Терек жана Жетиген айылындагы машыгуу залдарына керектүү спорт шаймандарын сатып алуу ” долбоорунун өздүк салымы катары 506639(беш жүз алты миң алты жүз отуз тогуз )сом акча каражатын, жергиликтүү бюджеттин эсебинен бекитип берүү жөнүндөгү, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXIX сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралуучу жергиликтүү бюджетинен, 2025-жылга карата:
- Республикалык дем берүүчү(үлүштүк) грантка сунуш кылына турган “Жетиген айылындагы № 21 ”Баластан” балдар бакчасынын алдына күндөн коргоочу навес жана балдар ойноочу аянтча куруу ” долбооруна 176098(бир жүз жетимиш алты миң токсон сегиз )сом акча каражаты;
-Токтогул Өнүктүрүү фондусуна сунуш кылына турган “Үч-Терек жана Жетиген айылындагы машыгуу залдарына керектүү спорт шаймандарын сатып алуу ” долбоорунун өздүк салымы катары 506639(беш жүз алты миң алты жүз отуз тогуз)сом акча каражаты, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралуучу жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бекитилген акча каражатын камсыздоо боюнча Токтогул райондук каржы бөлүмү менен иш жүргүзүү жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Көкөевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Дөөлөткелдиев. |