Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылдын 29-августу №45
“АРИС тарабынан алынып келинген погрузчиктин (Liugong)тарифин
бекитүү жөнүндө”
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Рыскул уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин (ХХII шайланышынын) кезексиз чакырылган XXХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Погрузчиктин (Liugong) 2024-жылга карата тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- юридикалык жактар үчүн саатына 3000сом, 18литр солярка
- Физикалык жактар үчүн саатына 2000 сом, 18 литр солярка.
1). Тиричилик калдыктарды 1 ХОВОго жүктөп берүү акысы
- юридикалык жактар үчүн 3000сом, 18литр солярка
- Физикалык жактар үчүн 2000 сом
2. Солярка погрузчиктин барып келүү пункттарынын аралыгына жараша аныкталсын
3. Погрузчиктин техникалык абалын көзөмөлгө алуусу жана кызмат көрсөтүү боюнча кардарлардын ортосундагы келишимдерди бүтүрүү, түшкөн акча каражаттарын ККМ чек же эсептик счетко түшүрүү жагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн алдындагы Тогуз-Торо муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Рыскул уулуна милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Тогуз-Торо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, мунципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Токтожумаев. |