Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-декабры № 742
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маданият, маалымат, жаштар, спорт, дене тарбия жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штаттык санын оптималдаштыруу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 11-пунктта "92", "137" деген цифралар тиешелүү түрдө "108", "121" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 19-1-пунктта "31", "15" деген цифралар тиешелүү түрдө "28", "18" деген цифраларга алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-декабрындагы № 96 (3651) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |