Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылдын 29-августу №49
“Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бала бакчалардын атайын каражатынын чыгаша бөлүгүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндө”
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен бала бакчалардын атайын каражатынын чыгаша бөлүгүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып,Тогуз-Тор2о айылдык кенешинин (ХХII шайланышынын) кезексиз чакырылган XXХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бала бакчалардын атайын каражатынын чыгаша бөлүгүнүн 2218 беренесине 300,0 мин сом кошумча план болуп киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык кенештин “Бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Токтожумаев. |