Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-декабры № 203
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
8-статьянын биринчи бөлүгүндө:
а) 24 жана 25-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 26-пунктта ", транспорт каражаттарынын (автомектептердин) айдоочуларын окутууга (кайра окутууга)" деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 21-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |