Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 18-декабры ПЖ № 369
"Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик"
уңгужолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын эң башкы байлыгы жана сыймыгы - эгемен мамлекети. Өлкөгө атын берген кыргыз эли өзүнүн 3000 жылдык узак тарыхында кээде жылдызы жанып, улуу каганаттын ээси болсо, кээде мамлекеттүүлүгүнөн ажырап, саясий ал-күчүнөн тайган учурлары да болду, тагдырдын эчендеген оор сыноолоруна кабылды. Ошентсе да, кыргыз элинин рухий деми артса артты, кемиген жок, ал сөз мунарасын курду - "Манас" үчилтиги сыяктуу жалпы адамзаттык маанидеги улуу мурас жаратты.
Карт тарыхтын катаал жолуна кыргыз эли менен үзөңгүлөш чыккан эчендеген элдер бүгүн дүйнөнүн этносаясий айдыңында жок. Алардын аталыштары тарых барактарында гана калды. Кыргыз элинин миңдеген жылдар бою сакталып келишине, кайрадан эгемендүү мамлекетке ээ болушуна нукура, өзүнө гана таандык баалуулуктары жана нарк таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы негизги омок болуп берди. Улуу "Манас" үчилтиги кыргыз элине дем берди, чачылганды жыйнады, бириктирди, кубаттуу мамлекет курууга ишеним жаратты. Ар бир доордо жашап өткөн даанышмандардын, улуу ойчулдардын жараткан акыл-ой корутундулары, элдик макал-лакаптар, учкул сөздөр элибиздин демине дем кошуп, келечекке багыт берген уңгужол милдетин аткарды. Кыргыз эли баатыры миң, башчысы бир болуп, тар жол, тайгак кечүүдө, душмандардын сан коркунучтарынан сактап, куттуу мекенин дайыма коргоп келди. Улуттук нарк баштаган жазылбаган мыйзамдары, кээде бирдиктүү мамлекети жок болсо да, кыргыз эли ыйык туткан улуу баалуулуктар, карманган салттары, тили, маданияты элди тарых белгисиздигине түшүп кетүүдөн сактады.
Узак жана кызыктуу тарыхка, мол коомдук-саясий тажрыйбага ээ, руханий байлыгы терең, наркты бекем карманып келген кыргыз эли буйрукка жараша, эгемендикке ээ болгон жылдарында уңгулуу жолунан адашып, улуттук баалуулуктары анчалык көңүлгө алынбай, нарк ченемдерине ширелген коомдук институттары мурдагыдай болбой, даанышмандар баштаган улут билгелери баркталбай, улуттук сыймыгы төмөндөп, жарандык сезими мокоп, келечекке болгон ишеними азайып, куттуу мамлекетинин алсыроо мезгилине дуушар болду.
Кыргыз Республикасынын эли ушул күнгө чейин келечекке ишеним жарата турган, коомдун мүмкүнчүлүгүн жаратмандыкка багыттоо күчүнө ээ, элдин биримдигин, уюмдашуу жөндөмүн арттыра алган, узак мөөнөттүү идеологияга, башбагытка муктаж бойдон калып келди. Аталган кырдаалдан ылдам чыгуунун ишенимдүү жолдорунун бири, кыргыз жарандарын бир муштумга бириктире турган, куттуу келечекке ишеним арттырган, жарандык мекенчилдикти күчөткөн, улуттун демин арттырып, ага дымак берген, жаңы демилгелердин жаралышына жол ачкан идеяларды иштеп чыгып, аны ыкчамдык менен ишке киргизүү экендиги маалым болду. Андай идеялар бүгүн бизде бар, ал - Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу.
Көз карандысыз Кыргыз Республикасын жакынкы жылдарда өнүккөн, күчтүү, дүйнөлүк бийиктиктерге жеткен мамлекетке айландыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу (мындан ары - Уңгужол) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда, ошондой эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүүдө Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин эске алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда, кабыл алууда жана жүргүзүүдө Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин жетекчиликке алсын;
- бул чөйрөдө колдонулуучу бардык ченемдик укуктук, концептуалдык, программалык документтерди инвентаризациялоо жана аларды Уңгужолго ылайык келтирүү боюнча ишти жүргүзсүн;
- Уңгужолду ишке ашыруу боюнча жобону иштеп чыксын;
- Уңгужолду кеңири пропагандалоо жана жайылтуу боюнча туруктуу ишти уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Уңгужолдун негизинде региондук программаларды иштеп чыксын, кабыл алсын жана ишке ашырсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын координациялоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 98 (3653) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |