Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №54
Көпүрө-Базар айылына видеокөзөмөл орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылынын кире беришине ,айыл ичине бала бакчага жана мектепке видео көзөмөл орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көпүрө-Базар айылынын кире беришине, айыл ичине бала бакчага жана мектепке видео көзөмөл орнотууга жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 500,0 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Ф.К Токушев |