Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №56
Көпүрө-Базар айылындагы Р.Айдаралиев орто мектебинин алдын цементөөгө брусчатка жана ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылындагы Р.Айдаралиев орто мектебинин алдын цементөөгө брусчатка жана ремонт иштерин аткарууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көпүрө-Базар айылындагы Р.Айдаралиев орто мектебинин алдын цементөөгө брусчатка жана ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 2,5(эки жарым миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
| Ф.К Токушев |