Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 61
Көпүрө-Базар айылынын тургуну, жардамга муктаж, аз камсыз үй-бүлө мүчөсү Аликеева Калемкаштын кайрылуусу боюнча үйүнүн ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылынын тургуну, жардамга муктаж аз камсыз үй-бүлө мүчөсү Аликеева Калемкаштын кайрылуусу боюнча үйүнүн ремонт иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көпүрө-Базар айылынын тургуну, жардамга муктаж аз камсыз үй-бүлө мүчөсү Аликеева Калемкаштын үйүнүн ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |