Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №63
Каракол жайлоосуна кеткен жолдун ремонт иштерине иштеген КАМАЗ автоунаасынын айдоочуларынын ишине дем берүү үчүн акчалай сыйлык берүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Каракол жайлоосуна кеткен жолдун ремонт иштерине иштеген КАМАЗ автоунаасынын айдоочуларынын ишине дем берүү үчүн акчалай сыйлык берүүгөакча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Каракол жайлоосуна кеткен жолдун ремонт иштерине иштеген КАМАЗ автоунаасынын айдоочуларынын ишине дем берүү үчүн акчалай сыйлык берүүгө жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 25,0 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |