Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №64
Көпүрө-Базар айылында ишке ашып жаткан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өздүк салымы үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылында ишке ашып жаткан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өздүк салымы үчүнакча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көпүрө-Базар айылында ишке ашып жаткан Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |