Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №65
Көпүрө-Базар айылынын айыл башчысынын ар кандай чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылынын айыл башчысы Э.Батырованын Көпүрө-Базар айылында уюштурулуучу иш-чаралардын ар кандай чыгымдары үчүнакча каражатын бөлүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көпүрө-Базар айылынын айыл башчысы Э.Батырованын Көпүрө-Базар айылында уюштурулуучу иш-чаралардын ар кандай чыгымдары үчүн жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 35,0 (отуз беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |