Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №68
Көпүрө –Базар бала бакчасына кошумча имарат катары пайдаланууга жанындагы эски имаратты ремонттоого жана бала бакчага керектүү жабдууларды алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылындагы Көпүрө –Базар бала бакчасына кошумча имарат катары пайдаланууга жанындагы эски имаратты ремонттоого жана бала бакчага керектүү жабдууларды алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө –Базар бала бакчасынын жанындагы эски имаратты кошумча имарат катары пайдалануу үчүн ремонттоого жана бала бакчага керектүү жабдууларды алууга 2 миллион 100 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |