Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №71
“Коопсуздук -2024” иш-чарасына катышууга Талас шаарына резевдик ротадагы балдарды алып баруу жана кайра алып келүү үчүн жалданган автоунааларга күйүүчү май үчүн керектелген акча каражатынын ордун толтуруу жөнүндө
2024-жылдын 23-25-май күндөрү Талас шаарында өткөрүлгөн “Коопсуздук-2024” иш-чарасына катышууга резервдик ротадагы балдарды алып баруу жана кайра алып келүү үчүн жалданган автоунааларга күйүүчү май үчүн убагында керектелген акча каражатынын ордун толтуруугаакча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын 23-25-май күндөрү Талас шаарында өткөрүлгөн “Коопсуздук-2024” иш-чарасына катышууга резервдик ротадагы балдарды алып баруу жана кайра алып келүү үчүн жалданган автоунааларга күйүүчү май үчүн убагында керектелген акча каражатынын ордун толтурууга 108,0 (жүз сегиз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |