Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №72
Көпүрө-Базар айылында эмгектенип жаткан медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөөгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылында эмгектенип жаткан медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүн белгилөөгө акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылында эмгектенип жаткан медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилөөгө 10,0 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |