КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №79
Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдардын, мектептердин тегерегин жашылдандандыруу, көрктөндүрүү үчүн көчөт сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдардын, мектептердин тегерегин жашылдандандыруу, көрктөндүрүү үчүн көчөт сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдардын, мектептердин тегерегин жашылдандандыруу, көрктөндүрүү үчүн Талас токой чарбасынан көчөт сатып алууга 60,0 (алтымыш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |